криосфера
Климаттык системанын Жер бетинде катуу абалда болгон бардык сууларды, алар Жердин бетинин үстүндө же астында, кургактыкта да, деңиз аймактарында да болсун, камтыган компоненти. Ага деңиздин, көлдүн жана дарыянын музу, кургактыкка түшкөн кар, мөңгүлөр, чоң муз калканчтары (Антарктида, Гренландия) жана убактылуу же түбөлүк тоңгон жер (түбөлүк тоң) кирет. Криосфера Жердин климатында маанилүү роль ойнойт жана глобалдык жылуулуктун келечектеги өнүгүшү үчүн негизги болуп саналат. Кар менен музун жогорку чагылдыруу кубаты (түшкөн күн радиациясынын 90%ке чейин) планетанын орточо температурасынын табигый жөнгө салуучусу болуп эсептелет. Муздак беттин кичирейиши Жерде жылуулуктун көбүрөөк сиңишин, натыйжада температуранын жогорулашын билдирет.