түбөлүк тоң

Туруктуу тоңгон жерге эл аралык деңгээлде колдонулган ат. Ал англисче permanent (туруктуу) жана frost (аяз, муз) сөздөрүнүн биригишинен келип чыккан. Бул топурактын - жердин, тоо тектин же экөөнүн аралашмасынын, ошондой эле органикалык заттын - өзгөрмөлүү калыңдыктагы катмары, анда камтылган суу бүткүл жыл бою толугу менен же жарым-жартылай тоңгон. Түбөлүк тоң жайкы жылуулануу топурактагы музду толук эрите албаган Жердин суук жерлеринде бар. Адатта, жылдык тоңуу-эрүү циклинен таасирленген үстүңкү катмардын астында туруктуу тоңгон жердин астындагы катмары бар. Түндүк жарым шардын жогорку кеңдиктеринде (ааламдык жылуулануу эң күчтүү көрүнүп жаткан жерде) акыркы он жылдыктарда болгон температуранын көтөрүлүшү топурактагы музду мезгилдик эрүү барган сайын чоңураак тереңдикке жетишине себеп болууда. Бул жагдай атмосферага чоң өлчөмдөгү метан менен CO2 бөлүнүп чыгышын алып келет.