Лихтенберг фигуралары
Татуировкалар сыяктуу, кээ бир адамдардын терисинде чагылган уруп өткөндөн кийин бир нече саат же күн бою пайда болуучу бутактанган формалар. Бул издер терини аралап өткөн электр разрядынын жолун чагылдырат. Алардын кызгылтым түсү электр тогунун өтүшүнөн жана ал пайда кылган капыстан ысыктан майда үстүртөн кан тамырлардын жарылышынан келип чыгат. Бул дарак сымал фигуралар өз атын электр менен заряддалган пластинкаларда аларды биринчи жолу байкаган немис физиги жана жазуучусу Георг Кристоф Лихтенбергден (1742-1799) алган. Алардын үстүнө чөккөн чаң фигураларды түзгөн. Фрактал геометриянын бул мыйзам ченемдүүлүгү белгилүү интенсивдүүлүктөгү электр тогу алар аркылуу өткөндө изолятор материалдардын үстүндө да, ичинде да пайда болот.