бийиктик (деңиз деңгээлинен)
Орточо деңиз деңгээлинен Жердин бетинде жайгашкан чекитке, бекитилген нерсеге же деңгээлге чейин өлчөнгөн тик аралык. Бул түшүнүк көп учурда бийиктик (атмосферадагы) түшүнүгү менен чаташтырылат, акыркысы атмосфералык деңгээлдерге же атмосферада жайгашкан чекитке же нерсеге, мисалы зонд шарына же учакка гана колдонулушу керек. Кургактыктагы жер үчүн анын деңиз деңгээлинен бийиктиги жөнүндө айтуу туура, атмосфералык бийиктиги жөнүндө эмес.