магнитосфера

Атмосферанын сырткы (иондошкон) бөлүгүнөн космоско чейин созулган, бүтүндөй Жерди курчап турган жана күн шамалын түзгөн өтө жогорку энергиялуу электр заряддарынан коргоочу калкан пайда кылган аймак. Жердин магнит талаасы бөлүкчөлөрдүн ошол агымын магнит уюлдарына карай бурат, экөөнүн өз ара аракеттенүүсү күнгө караган Жер бетинен болжол менен 100000 километр аралыкта, магнитопауза деп аталган жерде болот. Магнитосфера Жерге гана таандык эмес, анткени Күн системасындагы магнит талаасы бар башка планеталарда да ал бар.

Байланыштуу терминдер: Ван Аллен алкактары