зодиакалдык жарык
Түнкү асманда эклиптика тегиздиги боюнча пайда болгон, интенсивдүүлүгү аз, сүт өңдүү көрүнүштөгү агыш же сарғыч жарыктын конусу. Ал негизинен тропиктик аймактарда, жетиштүү караңгылык болуп, аба тунук болгондо байкалат. Мындай шарттарда зодиакалдык жарык күн батканда - кечки күүгүм бүткөндөн кийин - көрүнө баштайт, түндүн аягында, жарык болуп баштаганда жоголот. Аны күндүн нурунун планеталар аралык мейкиндикте бар сансыз космостук чаң бөлүкчөлөрү аркылуу өткөндө чачылышы пайда кылат.