таажы (күн жана ай таажысы)

Жарыктын дифракциясынан келип чыккан атмосфералык оптикалык көрүнүш; ал күн же ай дискин курчап, анын тегерегинде концентрикалык жайгашкан түстүү шакектер жыйындысынан (сейрек үчтөн ашык) турат. Түстөрдүн интенсивдүүлүгү жарык дифракцияга учураган майда суу тамчыларынын өлчөмүнүн бирдейлигине түз пропорциялаш, ал эми таажынын радиусу ал өлчөмгө тескери пропорциялаш. Бул фотометеордун ички бөлүгү аурео деп аталат. Күндүн плазмадан турган, температурасы миллион градус Цельсий тартыптагы эң сырткы катмары да күн таажысы деп аталат. Караңыз дагы күн бороону.

Байланыштуу терминдер: Күн бороону