Адвекция

Аба массасынын Жердин бети боюнча жылышы, натыйжада жылуулуктун жана нымдуулуктун горизонталдык ташылышы. Жылжып жаткан абанын температурасына жараша жылуу же муздак адвекция жөнүндө айтылат. Адвекция океандарда да болот, бул учурда суу массаларынын. Атмосферадагы абанын чоң горизонталдык кыймылдарын шамалдар башкарса, океан чөйрөсүндө океан агымдары ошол эле ишти аткарат.