Шүүдүрүм чекити

Абанын көлөмү туруктуу басымда жана суу буусунун курамы өзгөрбөстөн каныгууга жетүү үчүн муздатылууга тийиш болгон температура. Атмосферанын бир аймагы шүүдүрүм чекитине жеткенде, абадагы суу буусунун конденсациясынын натыйжасында суу тамчылары өзүнөн-өзү пайда боло баштайт. Жер бетинин деңгээлинде бул жагдай шүүдүрүмдүн, тумандын, мунарыктын же, эгер температура жетишерлик төмөн болсо, кыроонун пайда болушу менен көрүнөт. Шүүдүрүм чекитин аба температурасынан жана салыштырмалуу нымдуулуктун маанилеринен эсептесе болот. Атмосфералык термодинамиканын математикалык теңдемелеринде ал адатта Td катары туюнтулат (индекс dew - шүүдүрүм сөзүнө тиешелүү).

Байланыштуу терминдер: Шүүдүрүм

Ошондой эле мындайча аталат: Шүүдүрүм чекитинин температурасы