Конденсация деңгээли

Абада каныккан шарттарга жетилген бийиктик, андан жогору анын курамындагы суу буусунун конденсациясы жүрөт. Булуттардын түбү ушул атмосфералык деңгээлде жайгашат, ал мейкиндикте да, убакытта да өзгөрөт. Белгилүү бир жердин үстүндөгү вертикалдык мамычада бир эле убакта бир нече конденсация деңгээли болушу мүмкүн.