Сезилүүчү жылуулук
Дене же зат температурасын өзгөрткөндө, ал процессте абалынын өзгөрүшү болбой туруп, сиңирген же бөлүп чыгарган жылуулук. Атмосферада болуучу термодинамикалык процесстерде, айрыкча Жердин энергетикалык балансында, ал жашыруун жылуулук сыяктуу эле маанилүү ролду ойнойт.