Тоңуучу туман
Негизинен аша муздалган суу тамчыларынан түзүлгөн туман. Кадимки туман (суюк суунун өтө майда тамчыларынан турат) абанын температурасы 0°C төмөн түшкөндө ушундай абалга келет; ошондон тартып көптөгөн тамчылардагы суу суюк бойдон калат, бирок аша муздалган абалга өтөт, аны аша муздалган суу деп да аташат. Пайда болгон тамчылар басымдын капыстан өзгөрүшүнө дуушар болгондо заматта абалын өзгөртүп, музга айланат. Бул кырдаал аталган тоңуучу тамчылар аларга дуушар болгон ар кандай нерсеге же бетке урунганда болот, натыйжада аларда муз катмарлары түзүлүп, кырчоо кубулушун пайда кылат.